Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видео жарыяланды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонун анын жардамчысы жазып чыккан эле. Кийинчерээк саясатчы журналисттерге окуя боюнча үн катып, ага кол салгандардын башчыларын Садыр Жапаров таап, камашы керектигин айтты.

Көп өтпөй соцтармактарга ага кол салуу учурунда тартылган видео жарыяланды. «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, видеодо кол салуунун аяк жагы гана тартылып калган.