«Өмүрүбүздө биринчи жолу көрүп жатабыз». Тогуз-Торо районундагы айдоо жерге белгисиз курт түшкөн

Тогуз-Торо районундагы Дөдөмөл айылынын тургундары 1 миң гектар жерге белгисиз курттар түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы айтып чыкты.

«Ошол 1 миң гектар жерге белгисиз курттар түшүп жатыптыр. «Өмүрүбүздө болбогон нерсени көрүп жатабыз» дешти. Район жетекчиси барып, «бул курт кечинде чыгып жейт, чегирткеге каршы дары чачып бере алабыз» дептир. Биздин эл үрөнү жок калышы мүмкүн»,- деди ал.