Оңдоо иштерине Бишкектеги кайсы көчөлөр жабылат?

21-апрелде Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, кесилиштер унаалар үчүн ачык болот. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

22-апрелде Жибек Жолу проспектисинин Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаа кыймылы үчүн жабылат. Түндүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.