Өндүрүш Токтонасыров: «Кечээ Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө шерменде болду»

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкекте жүрүш өтүп жатат. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Кемпир-Абад Кыргызстанга таандык.

«Ал эч бир чет мамлекетке өтүп кетпеши керек. Кечээ Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн зомбулук менен кармап кетишти. Кечээ Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө шерменде болду. Менин жеке тааныштарым телефон чалышты»,- деди ал.