«Онлайн казиного 6 миллион сом уттурдум» деген жарандын 3-кабаттан секиргени айтылды

Ушул жылдын 17-апрелинде СЕРЕПТВ каналына «Курулуп жаткан үйдөн боюн таштайм деген жигит: “Онлайн казиного 6 миллион сом уттурдум” деген видео жарык көргөн.

Улукбек Ырысбек уулу мындан 1 жыл мурда онлайн казиного азгырылып 6 миллион сом уттурганын айткан. Бул видеодо ал эмне үчүн бийик имараттан боюн таштайын дегени тууралуу айтып берген.

Бүгүн, 26-майда досу Абай Рыскул уулу кайрылып, видеодогу жарандын №27 колонияда экенин билдирди. Анын айтымында, жаран колониянын 3-кабатынан секирип, учурда ооруканада жатат.

«2022-жылы кыз ала качуу боюнча соттолуп, 4 жылга пробация берилген. Убагында чакырылганда барып турушу керек болчу, бирок барбай жүрүп, камакка алынды. 24-майда ал №27 колониянын 3-кабатынан секирип, учурда ооруканада жатат дешти. Колонияда эмне болгонун билбейм. Апасы бели ооруп төшөктө жатат. Карындашы да психиатриялык ооруканада дарыланып жатат. Карындашынын кызы да бар. Анын өсүүсү да кечеңдеп, майыптыгы бар болуп калды. Досум бир үй-бүлөнү телефон алып-сатып иштеп, бакчу»,— деди ал.

Редакцияга Жазаларды аткаруу кызматынан окуя боюнча маалымат беришип, 1991-жылы туулган Улукбек Рысбек уулу 2022-жылдын 28-декабрындагы Ош шаардык сотунун чечими менен 172-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айыпталып, 7 жылга эркинен ажыратылганын, 82-берененин негизинде 4 жылга пробацияга алынганын билдирди.

«Пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузгандыгына байланыштуу Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 31-мартындагы чечими менен пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, 7 жылдык жазаны жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө боюнча чечим чыккан. №27 түзөтүү колониясына келгенде соттолгон жаран карантин бөлүмүнө киргизилген. Аталган жаран менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мурда жанын кыюуга аракет кылганын айткан. 24-майда болжол менен саат 14:15те 3-кабаттагы карантин бөлмөсүнүн терезесинен өз жанын кыюу максатында секирген. Кызматкерлер тарабынан Тез жардам чакырылып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. 25-майда Улуттук госпиталга которулган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ден соолугунун абалы канааттандырарлык.

Кызматкерлер же башка адамдар тарабынан күч колдонуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын баса белгилейбиз. Жогорудагы факты боюнча Тергөө башкармалыгы тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кызмат тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.