Министрлик: Өнөктөштүк төрөт убактылуу гана токтотулду

«Өнөктөштүк төрөткө тыюу салдык» деген Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 15-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында.

Журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен өнөктөштүк төрөткө тыюу салынбаганы, убактылуу гана токтотулганын билдиришти. COVID-19 пандемиясы башталгандан бери убактылуу токтотулган. Адистердин айтымында, бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу.

«Бизде же коронавирус, же сасык тумоо, же кызамык болуп жатты. Качанкыга чейин токтотулганы тууралуу так дата жок. Ошол эле учурда менчик төрөт үйлөрүндө өнөктөштөр менен төрөт учурлары да кездешип жатат», — деп түшүндүрүштү министрликтен.