Ооган кыргыздары Кыргыз өкмөтүнөн жардам сурап кайрылышты

Ооганстандык кыргыздар Кыргызстандын өкмөтүнө жардам сурап кайрылышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык Памирлик кыргыздар билим берүү, саламаттык сактоо өңдүү социалдык маселелерди чечүүгө жардам берүүнү суранышты. Памирлик кыргыздардын ханы Махмуд Ажы Памири балдарды окутуу, оорукана салуу – элдин көпчүлүгүнүн көксөгөн максаты экенин айтты. Анын айтымында 2020-жылдын соңунда памирлик кыргыздардын өкүлдөрү ооган бийлигине да ушул маселе менен кайрылышкан.

Жакында ооган өкмөтү Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга 10 миллион афгани өлчөмүндөгү тамак-аш азыктарын, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам жөнөткөн. Бул – кыргыз сомуна эсептегенде 11 миллион сомго барабар.

Ал эми Кыргызстан Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памир кыргыздарына азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек буюмдарынан турган гуманитардык жардамдарды жыл сайын жеткирип турат. Кыргыз элчиси Мирослав Ниязов Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугуп, бул маселеде баарлашкан. Ооган бийлиги этникалык кыргыздарга Тышкы иштер министрлигинен бир жана Улуттук Элдешүү Кеңешинен бир орун бөлүүгө убада берген эле.

Памирлик кыргыздарга Эл аралык Ага Хан фонду жыл сайын 50 миң доллар өлчөмүндөгү жардам берип келет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз өкмөтү 50дөй үй-бүлөнү Кыргызстанга алып келип, Ош жана Нарын облустарына жайгаштырган эле.