Ооган маалымат каражаты Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп баштаганын жазды

«Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү-майлоочу май экспорттоп баштады», — деп билдирди Ооган «Pajhwok Afghan News» маалымат агенттиги.

Ооган трейдерлеринин айтымында, 10 жылдан соң биринчи жолу Кыргызстандан Кундуз провинциясына күйүүчү-майлоочу май импорттолду. Ага байланыштуу май ташыган оогандык соодагерлер бийлик өкүлдөрүнөн имарат бөлүп берүүнү суранып жатышат. Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Матин Юсафзай да көп жыл өткөндөн кийин Кыргызстандан күйүүчү-майлоочу май импорттолуп баштаганын тастыктады. Күйүүчү-майлоочу май Шерхан Бандар порту аркылуу ташылып жатканы айтылат.