«Ооганстандагы оорукана го дегем». Лейлектеги оорукананын абалы кызуу талкууда

Социалдык тармактарда Лейлек районундагы Исфана шаарынын ооруканасынын сүрөттөрү тарады. Аны Замир Казакбаев аттуу колдонуучу жарыялаган.

«Исфана шаарынын ооруканасы экен. Мен Ооганстандагы бир оорукана го дегем. Кыргыз медицинасы ооруну алдын алууну кой, айыктырууну деле кой, жөн эле оорулууга шарт түзө албай калды. Болбосо, ооруган жан акчасын эч нерседен аябайт, карыздаса дагы табат. Ушундай заманда оорубай эле өлүп калгысы келгендер деле толтура. Силер оорукчандын эсебинен акча жасаганды токтоткула! Оорукананы оңдогула, шарт түзгүлө!» — деп жазды ал. Социалдык тармактын колдонуучусу кайдыгер карабаган жарандардан шайлоону, убадаларды күтпөй оорукананы оңдоого жардам берүүсүн суранды.