«Ооганстандагы оорукана го дегем». Лейлектеги бейтапканын жетекчилигине чара көрүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги соцтармакта талкууга түшкөн Лейлек районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын республикалык бюджетинин “Капиталдык салымдар” беренесинен каржылануучу курулуш иштерин баштоо үчүн бюджеттен каржылоону талап кылган мекемелердин тизмеси түзүлүп, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана Экономика жана финансы министрлигине жөнөтүлгөн. Бирок 2021-жылы Лейлек районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү тизмеге киргизилген эмес.

«Ушуга байланыштуу, объекттин курулуш иштерин талап кылган Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын тизмеси түзүлгөндө каралаарын билдиребиз. Бүгүнкү күнү психонаркология бөлүмү 20 даана керебет (психиатриялык оорулар үчүн 18, наркологиялык оорулар үчүн 2) менен иштеп жатат. 2018-жылы жалпысынан 301 миң 570 сомго психонаркология бөлүмүнүн имараттын бардык терезелери пластик терезелерге алмаштырылган. 2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон жок. 2021-жылы психонаркология бөлүмүнүн имаратынын чатырын алмаштыруу 898 миң 240 сомго толук бүтүп, матрастары жана жууркандары толугу менен жаңы берилди. Керебеттер менен камсыздоо жана трансформатор орнотуу 2021-жылдын сентябрь айында бүткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге бул бөлүмдө бейтаптардын дарылануусуна өз убагында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тийиштүү жумуштарды алып барбагандыгы үчүн оорукананын жетекчилигине административдик чара көрүлөрүн, ал эми имараттын ичинде косметикалык оңдоп-түзөө иштери болорун билдиришти.