Ооганстандан Кыргызстанга дагы 12 мекендешибиз эвакуацияланды

Ооганстандан Кыргызстанга дагы 12 мекендешибиз эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

«Кыргызстандын Катардагы элчилигинин көмөгү менен бүгүн, 23-августта, саат 04:40та «Доха-Дубаи-Бишкек» аба каттамы боюнча мурда америкалык тарап уюштурган атайын учак менен Ооганстандан Катарга эвакуацияланган Кыргыз Республикасынын 11 жараны алынып келинди. Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, жумуш берүүчүлөр көрсөтүлгөн каттам боюнча авиабилеттерди сатып алышкан.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин жардамы менен кечээ, 22-августта Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен дагы 1 Кыргыз Республикасынын жараны эвакуацияланган.

«Ооганстандын аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө коопсуздукта жана жакынкы аралыкта мекенине эвакуацияланышат«,- деп айтылат маалыматта.