Ооруканада чарчап калган 2 жаштагы Алихан. «Келиним «карап койгулачы, суранам» деп ыйлаптыр» дейт чоң энеси

13-январда Бишкектеги №3 балдар ооруканасында 2 жаштагы бала чарчап калган. 14-январда баланын жакындары сөөктү өлүкканадан алышты. Наристенин жакындары SUPERTV’га окуя тууралуу айтып берип жатып, «дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ушундай окуя болду» дешет. Ал эми аталган оорукананын дарыгери эмне дейт?

«Тез жардамга чалсак, силердин кезек келе элек деди. Биз өлүмгө кезекке турат экенбиз да. Ушинткени туура эмес да. Келиним улам чалыптыр. Уулум такси менен алып бар дептир. Ооруканага барганда эле дарыгер укол сайып, ингаляция кылып, мурдуна кислород тагыптыр. Болгону ошол. Тиги дарыгер иш убактысы бүтүп кетет. Башка дарыгер келет дептир. Дене табын да текшеришпептир. 2 саат кабыл алуу бөлүмүндө отурушуптур. Оозу көгөрө баштаганда дарыгерге чуркап барыптыр. Дарыгер «отуруп тур, Тез жардам келсин» дептир. Дарыгерлерге «карап койгулачы, суранам» деп ыйлаптыр. Ошондо дарыгер келиптир. Жакшы эле карап коюшканда эмне», — дейт чоң энеси.

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов төмөнкүлөрдү айтты. «Ооруканага өз алдынча келишкен. Дарыгерлердин айтымында, акыбалы оор, дем ала албай келген. Ошол жердеги дарыгер протокол боюнча караган. Дарысын берип, ингаляцияга коюп, кислородго туташтырган. Өпкөсүн рентгенге тарттырып, диагноз коюлган. Андай диагноз менен биздин ооруканага жаткырылбайт. Дарыгерлер колунан келген жардамын берген. Эмне үчүн мындай болуп калды бизге да түшүнүксүз», — деди ал.