Оорукананын жетекчиси: «Бекжан Темирхан менен чогуу кырсыкка кабылган жаран үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн»

Кечээ, 10-ноябрда 27 жашында ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду. Милициянын маалыматына караганда, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 1997-жылы туулган У. уулу Т. аттуу жаран башкарып бара жаткан.

Кырсык 10-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Чолок-Боом унаа жолунун 9-чакырымында катталган. Алдын ала маалымат боюнча катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун оң жагындагы тосмону сүзүп, андан соң жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан ырчы каза болгон. Ал эми айдоочу Кемин районунун аймактык ооруканасына кайрылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги унаанын айдоочусунун учурдагы абалын билүү үчүн Кемин райондук ооруканасына кайрылганыбызда, оорукананын жетекчиси анын жарааты жеңил болгондуктан үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөнүн айтты. «Ал ошол эле күнү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Биз жабырлануучунун жаракаты жеңил болгондо гана текшерип туруп, анан үйдөн дарыланууга жөнөтөбүз», — деди ал.

Дарыгер каза болгон ырчы тууралуу маалымат берип жатып, анын кырсык болгон жерде эле көз жумганын айтты. «Дарыгерлер жерине барып, анын өлүмүн катташты. Өлүккана бизде жок болгон үчүн жансыз дене Токмоктогу моргго жөнөтүлгөн», — деди ал.