«Оозунан скотчту алганда эле кан атыптыр». Баткенге аскерге кеткен 18 жаштагы жигит көз жумду

Бүгүн, 10-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Күз-2022» чакырылышынын мөөнөттүү аскер кызматкери эртең менен саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна дене табынын көтөрүлүп жана тамагынын ооругандыгын айтып кайрылган. Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган. Болжол менен саат 15:00дө жигиттин ашказанынан кан кеткендигине байланыштуу ден соолугунун абалы кескин начарлаган. Ага дароо тез жардам бригадасы чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталган. Аскер кызматкердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматкердин сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага Аскердик прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлдү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 18 жаштагы чек арачынын бир тууган эжеси кайрылып, жигиттин жакындары чыркырап жатканын айтты. «Иним Таалай уулу Айжигит 18 жашта болчу. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ташарык айылынан. Аскерге кеткенине 1,5 ай болгон. Өз каалоосу менен кеткен. Бүгүн сөөгүн карматып коюшту. Айдаркенге бөлүнгөн экен. Түндө ата-энесине «уулуңардын дене табы көтөрүлүп жатат» дешкен. Ойлорунда эч нерсе жок барышкан. Көрсө, жансыз денеси өлүкканада экен. Ичин жарып, тигип коюшкан. Оозу скотчтолгон. Скотчту алганда эле оозунан кан атып чыгыптыр. Боорун эзип койгон деп жатышат. Денесинде таза жери жок, капкара. Башы жарылган. Өлүкканадагылар ичин мойнуна чейин кесишиптир. Ата-энесине сөөктү карматып, доом жок деп кол койдуруп алышыптыр. Ошол жактын чоңдору тажияга азык-түлүк көтөрүп келишиптир. Жүрөгү ооруп каза болду дешти. Карапайым элдин балдары ушинтип эле өлө береби», — дейт сыздаган бир тууганы.