Опера жана балет театры 11-майга чейин карантинге жабылды

Опера жана балет театры 11-майга чейин карантинге жабылды.  Маалыматты театрдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында имаратта дезинфекциялоо иштери жүрөт. Театрдан бул иш-чара профилактикалык максатта жүргүзүлөрүн кошумчалашты.

«Жакында эле бизде «Ак-Мөөр» спектакли менен СССР эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык фестиваль өткөн. Ага көп киши катышкан.  Коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу үчүн убактылуу аралыктан иштөө режимине өтүү чечими кабыл алынды», —  дешти театрдан.