Опера жана балет театрындагы чыр. Жетекчилерге эскертүү берилип, артисттер сый акысыз калды

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калып, комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө комиссиянын иши аяктап, корутунду чыгарылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылды.

«Театрдын жетекчиси Керим Тураповго, көркөм жетекчиге жана башкы балетмейстрге эскертүү берилди. Мындан тышкары театрдын жетекчилигине кызматкерлер менен жаңы эмгек келишимдерди түзүү, коммерциялык спектаклдерди коюудагы эмгек акыларын төлөө боюнча механизмдерди жаңыдан иштеп чыгуу, келишимдерди жаңылоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле жетекчилик кызматкерлерге квартал сайын отчёт берип туруу зарылдыгы эскертилди», — дешти мекемеден.

Ал эми спектакль коюудан баш тарткан артисттер комиссиянын мүчөлөрү барганда түшүнүк кат жазбай коюшканын министрликтен белгилешти. Опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов спектаклды коюудан баш тарткан 25 артист Театр күнүнө карата бөлүнгөн сый акыдан ажыратылганын айтты.

6-мартта театрда «Ак куу көлү» спектаклинин алдында чыр чыккан. Оюнга орусиялык артисттер чакырылган болчу. Кыргыз артисттер алар менен иштешүүдөн баш тартып, сахнага чыкпай коюшкан. Муну алар коммерциялык спектакль үчүн жергиликтүү артисттерге бир да тыйын төлөнбөй турганы менен түшүндүрүшкөн эле.