Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган. Эмгек жолун колхоздо баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары №15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге, хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган.
1962-1969-жылдары — Курмангазы атындагы мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетин бүтүргөн.
Алма-Атадагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство консерваториясында окуу менен бир мезгилде ал Казак радиосу жана телевидениесинин Камералык оркестринин солисти да болуп иштеген.
Ал эми 1969-жылдан 2013-жылга чейин операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-классынын жетекчиси болгон.
1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын жеке ырдоо классында иштеген.
Опера ариялардан тышкары Токтоналы Сейталиевдин камералык репертуарында кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген.