«Операция жасалды». Өзгөндө бычылды делген кишинин абалы айтылды

Дарыгерлер Өзгөндө бычылды делген кишинин абалы тууралуу айтып бергенин «Спутник» жазды.

“Кишиге 14-ноябрда операция жасалды. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган. Кесилген органды тигүүгө мүмкүн болгон жок. Абалы орточо оор, чөгүп турат”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигин Ош облусу боюнча координатору.

Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек кишинин бычылганын жазып чыгышкан. Ошондой эле окуянын видеосу тарады.Видеодон эркек кишинин «Башында ойлонуш керек эле да. Ушундай болуп калбайт бекем деш керек болчу» деп жатканын угууга болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине буга чейин окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришкен.