Операциядан кийин чарчап калган үч наристе. Министрлик маалымат берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, президенттин бардык тапшырмалары аткарылганын билдирди.

8-майда Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берген. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги кемчиликтер жоюлганын билдирди:

• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.

• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.

• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.

• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.

• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.

«2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды», — деп айтылат маалыматта.