«Өпкүң келсе, өөп ал». Колун өптүргөн Райымбек Матраимовдун видеосу тарады

«ПолитКлиника» басылмасы коррупция беренеси боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колун Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаев өпкөн видео менен бөлүштү.

Анда Мунарбек Сайпидиновдун Кылычбек Саркарбаевге «өпкүң келсе, өөп ал» деп айтканын, Саркарбаев Матраимовдун колун өпкөнүн көрүүгө болот.