Кечээ, 29-ноябрда Бишкекте «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканы маалым болгон. Лидерден бүгүн да кабар жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын партиялашы билдирди.
«Кечээ кечинде кеңсеге милиция кызматкерлери келип кетишти. Анан жубайына кетишкен, арыз алышты окшойт, так билбейм, өзүнөн кабар жок», — деди ал.
Партия лидеринин №44 мектепте добуш берген соң, байланышка чыкпай калганы маалым болгон. «Дале кабар жок, телефону өчүк, кечээ добуш бергенден кийин дайынсыз болуп жатат», — деген партиялашы. Бул боюнча УКМКга кайрылганыбызда, ал жакка кайрылбаганын жана жеткирилбегенин билдиришкен.