«Ордо» партиясынын штабынан жашыруун камера жана тыңшоочу жабдык табылды (видео)

«Ордо» саясий партиясынын штабында жашыруун камера жана тыңшоочу жабдык табылды. Бул тууралуу аталган партиянын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

PR бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мамытовдун айтымында, тыңшоо жүрүп жатканы 3-ноябрда аныкталган жана буга катардагы радио жардам берген. «Бизде приемник бар, анда тоскоолдуктар пайда болду. Кийин кеңсени текшере баштадык, плинтустан иштеген аппаратты таптык», — деди ал.

Мамытов белгилегендей, алардын кеңсеси жаңы жана аны шайлоо үчүн ижарага алышкан. Ал жерде түнкүсүн күзөтчүлөр жок.