«Орел и решка» Кыргызстанда тартылган берүүнүн экинчи бөлүгүн Ысык-Көлгө арнады

«Орел и решка» трэвел-шоу берүүсү Кыргызстанда тартылган берүүнүн экинчи бөлүгүн Ысык-Көлгө арнады. Ал «Кыргызстан. Асман тиреген тоолор» деп аталат.

«Кыргызстан таң калтырганын улантат, бул жолу ал бул дүйнөнүн өзгөчө кереметин, асман тиреген тоолорун көрсөтөт», — деп башталат берүүнүн экинчи бөлүгүндө. Ал эми биринчи бөлүгүндө өлкөнүн түштүк аймагы тууралуу тартылган эле.