Оренбургдагы суу ташкыны: Кыргызстан Орусияга 20 жүк ташуучу унаа менен гумжардам жөнөтөт

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кыргызстан Орусиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет. 20 жүк ташуучу унаадан турган “Жардам кербени” 2024-жылдын 20-апрель күнү жолго чыгып, Казакстан аркылуу Орусиянын Оренбург облусуна жеткирүү мерчемделди. Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Алсак тамак-аш топтомуна:
Ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер.
Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна:
Суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр.
Кийим-кече топтомуна:
Чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк, курулушка ылайыкталган мээлей.