Оренбургдагы суу ташкыны: Кыргызстан Орусияга 350 тонна гумжардам жөнөттү (сүрөт)

Кыргызстан Орусиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет. 20 жүк ташуучу унаадан турган “Жардам кербени” 2024-жылдын 20-апрель күнү жолго чыгып, Казакстан аркылуу Оренбург облусуна жеткирүү мерчемделген.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.