Органын алмаштырган бейтаптар коронавируска каршы вакцина алса болобу? Адистин жообу

COVID-19га каршы эмдөө алдында, органдарын алмаштырган бейтаптар дарыгерден кеңеш алышы керек. Эмдөөдөн туура убакытта өтүү зарыл. Бул тууралуу Медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гуласыл Сутуева билдирди.

Анын айтымында, органдарын алмаштырган бейтаптар дайыма иммуносупрессор колдонгондуктан, иммунитет түшүп кетиши мүмкүн. Андыктан аталган бейтаптарга эмдөөдөн өтүү сунушталат, себеби бүгүнкү күндө коронавиус эффективдүү коргонуу чарасы вакцина болуп эсептелет.