Орхан Инанды полиция бөлүмүндө кыйноого туш болгонун айтты

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды сотто полициянын кыйноосу менен сурак бергенин айтты. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Орхан Инанды Анкарада ФЕТӨнун лидери катары кармалган Шүкрү Йылдырырдын иши боюнча күбө катары көрсөтмө берген. Ал өз көрсөтмөсүндө сотко чейин полиция бөлүмүндө кыйноого кабылганын айткан. Кыйноо учурунда алган үч сыныгынан улам ал дагы деле оң колу менен эч нерсе кыла албайт. «Мен милиция бөлүмүндө кандай көрсөтмө бергеним эсимде жок. Айткандарым эсимде жок. Өз көрсөтмөмдү кыйноо астында бердим. Мен муну террордук уюм деп эсептебейм», — деди ал. Сот айыпталуучу Шүкрү Йылдырырды үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салган.