Орхан Инандыны издөө иштери Ош аймагында да жүрүп жатат (сүрөт)

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө Ош облусунун аймагында да жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Милиция издөө салат” тактайчаларына Орхан Инандынын өзгөчө белгилери илинип, багыттамаларды таркатуу, калк арасында, жергиликтүү мекеме ишканаларга түшүндүрүү иш-чаралары жүгүзүлүүдө. Андан сырткары, чек арага чектеш аймактарда жана чек арадан кирип-чыккан жарандар катуу көзөмөлгө алынууда.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.