Орхан Инандыны табууну талап кылган элчиликтин алдындагы митинг эртең дагы уланат

Түркия элчилигинин алдында өтүп жаткан митинг эртең дагы уланат. Бул тууралуу бүгүн тараган митингден соң маалым болду.

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды кечээ күндөн бери дайынсыз болууда. Бүгүн Кыргызстандагы Түркия элчилигинин алдына коом өкүлдөрү, мугалимдер жана “Сапат” билим берүү мекемесинде окуган окуучулардын ата-энелери чогулган.

Президент Садыр Жапаров Инандыны издөө иштерин күчөтүү жана кошумча күч тартуу боюнча тапшырма берген.