Орхан Инандынын жоголушу. Өкмөт үйүнүн алдында кайрадан митинг өтүүдө

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына тынчтык митингине чыгышты. Ага катышкандар лицейдин башчысын табууну талап кылышууда. Нааразычылык акциясына 100гө жакын адам чогулган.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.