Орхан Инандынын уурдалышы боюнча адвокат Башкы прокуратурага кайрылды

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурадан кыргызстандык Орхан Инандыны Түркияга алып кетүүгө байланыштуу иш козгоону суранат. Бул тууралуу ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн сотко чейинки тиешелүү өндүрүштү баштоону талап кылат. Ошондой эле адвокат Кыргыз жараны Орхан Инандынын кайтарылышы боюнча эл аралык стандарттарга ылайык тиешелүү талаптарды коюуну суранат.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.