Орхан Инандынын уурдалышы. Адвокат жаңы жагдайлар менен бөлүштү

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин директорунун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Орхан Инандынын уурдалышынын жаңы жагдайларын жарыялады.

Адвокаттын айтымында, 30-майда Инанды үйүнө унаа менен бараткан. Саат 23:00 чамасында жарандык кийимчен үч киши аны күч менен унаага отургузушкан. Алар милициядан экенин, аны милиция бөлүмүнө алып барарын айтышкан. «Анын оң колун кайрып, машинанын арткы отургучуна отургузушкан. Алар анын колуна отуруп алышкан. Кээ бири аны бутунан, кээ бири башынан кармашкан. Алар Орхан Инанды каршылык көрсөткөндө сабашкан. «Сапаттын» директорун унаага түртүшкөндө, анын бут кийими түшүп калган, бирок эч ким алып берген эмес, уурдагандар чөнтөгүндө болгон нерсенин баарын ыргытып жиберишкен. Шаардан чыкканда айдоочу токтоп, аны башка унаага отургузушкан. Инанды унаадан түшөөрү менен колуна укол сайышкан», — деп жазды ал. 

Ал Орхан Инандыны унаанын арткы отургучуна отургузганын, анын көзүн скотч менен чаптап, колдорун кишендеп койгонун айтты.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салган.