Орхан Инандынын жактоочусу: «УКМКнын издөө ишинде калыс иштеп жаткандыгына күмөнүбүз бар»

1-июндан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова издөө иштерине УКМКнын кызматкерлерин катыштырбоону суранды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Таалайгүл Токтакунованын маалыматы боюнча, Түркиянын басылмалары билдиргендей, Орхан Инандынын жоголушуна УКМКнын тиешеси бар. Тагыраагы мамлекеттик «Sabah» басылмасы Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды видео кайрылуу жасагандан кийин бул тууралуу жазып чыккан.

“УКМК буга чейин кандай үн катпай келсе, эч тиешеси жоктой дале үн катпай жатат. Же бул үн катпоо макулдуктун белгисиби? Мындан улам, Орхан Инандыны издөөдө УКМКнын калыс иш алып барып жаткандыгына күмөн санап жатабыз. УКМКны ведомстволор аралык тергөө тобунан чыгарууну сурандык. Бирок төрт күндөн бери прокуратура дагы, УКМК дагы жактоочулардын өтүнүчүнө эч кандай реакция кылган жок”, — дейт Таалайгүл Токтакунова.