«Орнотулган миномёт, ыргытылган таш, атылган ок». Кыргыз-тажик чек арасындагы абал айтылды

Бүгүн, 25-декабрга карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 14:30 чамасында Лейлек районундагы Сай аймагында Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн постунун аймагына миномет орнотушкан. Тажикстандын аймагында кыргыздардын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалган. 

Саат 19:40 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун  Көк-Таш айылынын Эки-Таш тилкесинде Тажикстан Республикасынын 3-4 жараны Кыргыз Республикасынын жарандарынын 4кө жакын унаасына таш ыргытышкан. Анын кесепетинен унаалар ар кандай зыянга учураган. Кыргыз жарандары жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге барган Кыргызстандын Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы асманга 3 жолу эскертүү иретинде ок чыгарган учурда, Тажикстандын жарандары өз аймагына ары качып кетишкен. 

Эки-Таш аймагындагы окуядан кийин дароо Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын башчыларынын жолугушуусу болуп, алар кырдаалды турукташтыруу максатында кошумча чек ара тозотторун чыгарышты. Тажик тарап окуяга тиешеси бар адамдарды издеп жатканын билдирди. Чыр-чатактын чыгышына жол бербөө максатында Баткен чек ара отрядынын башчысы жана УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жерине барган. Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде жайгаштырылган чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тейлөө режимине өткөрүлдү. Аталган аймактагы кырдаалды УКМКнын чек ара кызматы көзөмөлдөйт.