Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында калтырылды

Экс-депутат Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 15-февралындагы токтомуна ылайык, Нарматовага карата мурда тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды», — деп айтылат маалыматта.