Орозайым Нарматова Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтарууга кескин каршы пикирин ачык билдирди

Экс-депутат Орозайым Нарматова 2005-жылы Март окуясынын жүрүшүндө бийликтен куулган Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтарууга кескин каршы пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Миллиондогон мигранттардын өзгө өлкөдө өгөйлөнүп жүргөнү, мамлекеттин нечендеген мүлктөрү жеке колдорго өтүп кеткенинин азабын азыркыга чейин тартып жүрөбүз. Аскар Акаев жакшы иштерди кылса, ал өз милдетин аткарган, андан артык эч нерсе кылган жок! Аял, бала-чакасы менен жүргөн элдин ырыскысын жеп, жыргап-куунап. Талкаланган тагдырлар, өлкөбүздүн өксүктүгүнүн башкы себепчилеринин бири дал ушул киши. Ага макам бергенден элдин гана кыжыры келет. Келечек да, тарых да кечирбейт! Насирдин Исанов баш болгон “кыргыздын чыгаандарынын өмүрүнө кол салган” деген кептер бекеринен айтылбаса керек! Эң чоң катастрофанын автору, “Кумтөр” ушул кишинин колу менен канадалыктарга берилип, экологиябыздын талкаланышына себепчи болушту! Аксы окуясын айтпасам да эл билет! Жеке мен, Кыргыз жараны катары каршымын!» — деп жазылат жаш саясатчынын билдирүүсүндө.