Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келинип, учурда ИИМде

Мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, алар учурда Ички иштер башкы башкармалыгында.

Буга чейин Илгиз Шаменов социалдык тармактагы баракчасына мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен Москвада кармалганын жазган.