Орозайым Нарматова: «Медайымдар сейил бакты тазалап жүрүшөт. Уят!»

Экс-депутат Орозайым Нарматова соцтармактагы баракчасына медайымдардын сейил бакты тазалап жүргөнү боюнча билдирүү жарыялады.

«Токтогулга конокко келдик. Таң эрте сейил бакта жүрсөк медайымдарды мэрия, акимчилик жана оорукананын администрациясы сейил бакты тазалоого жиберишиптир. Эжекелерди көрүп, бир кезде менин мугалим апам өкмөт жетекчилери, тийиштүү жердин башчылары келээрде, мугалимдер тобу көчө тазалап, окуучулар тизилип турган абал эсиме түштү. Ар жуманын алтынчы күнү, ар кайсы сейил бактарды, мамлекеттик мекемелердин астын, өздөрүнүн мекемесинин айланасын тазалашат экен. “Мугалимдер да катардан калбай шыпыргы, чалгы, калагын көтөрүп, тазалоого чыгышат” дешти. Тийиштүү форма, кол кап, коопсуздук үчүн формаларды камсыздабаганы өкүнүчтүү. Медайымдардын укугун Парижде Алымкадыр аба медаль тагынып коргоп, мугалимдер “биз өз каалообуз менен чыгабыз” деген абалга жеткиришет экен. Өтө чоң уят! Эмгек келишиминде жок нерсени таңуулоо туурабы?» деп жазылат жаш саясатчынын билдирүүсүндө.