Орозайым Нарматова SuperTV каналы боюнча айтылгандарга жооп берди

Кечээ, 3-декабрда иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасында 16-сентябрда жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова «Сереп» Медиа холдинг ЖЧКсынын ээси болгонун жазып чыккан. Бул боюнча Орозайым Нарматова түшүндүрмө берди.

«СуперТВ» боюнча айтсам, мен бул ТВ команда менен тээ 2020-жылдан бери кызматташып келем. 2021-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодогу үгүт иштеринде пиар багытында иштешкенбиз. Андан кийин бир нече жылдардан бери мага шерик болуп иштешүүнү сунуштап келишкен. Фейсбук досторум байкаган чыгар, Москвадагы батиримди сатууга койгом, күзгө жакын сатылып, «Сереп» Медиа холдингдин жарым пайызына ээлик кылдым. Учурда Бактыгүл Сокушова экөөбүз бул Медиа Холдингдин тең укуктуу негиздөөчүсүбүз. ТВнын маалымат саясатына жана анда иштеп жаткан журналисттерге менин саясий жолум, пикирим таңууланбайт.

Медианы толугу менен Бактыгүл Сокушова жетектейт. Буга чейин Мадумаровду колдоп жүргөндө деле “Москвада Орозайымга батирди Мадумаров алып бердиби, бул жаш кызда мынча акча кайдан” деп суроо узаткандарга мен миграция азабын жон терим менен тартып, чекемдин териси менен ак нан таап жеп, чакан бизнес менен алектенип, өзүм бутка турган кызмын. Болот Темиров агама биздин «Сереп» Медиа холдингин ушунча пиар кылып бергенине ыраазычылык билдирем! Бирок бийлик белек кылыптыр деген күмөнүңөр туура эмес болуп калды. Азыр жеке офисибиз жок, бир аз кыйналып жүрөбүз, “жардам берем” дегендерге баш тартпайбыз.

Мен бирөөдөн бир сом уурдабасам, адам өлтүрбөсөм, бирөөнү кордобосом, зордобосом, бирөөнүн бир нерсесин тартып албасам, “эмнеге мен тууралуу мынча жаман ойлой беришет” деп аябай кыжаалат боло берчүү элем, көрсө менин тагдырым ушул экен, саясатчы болгондон кийин эми элдин ар кандай пикирине чыдап берем да. Кечээ кыскача эле түз эфир жасап, жеке пикиримди билдирдим. Эч кимге оюмду таңуулаганым жок, ал менин гана пикирим. Мен тууралуу ойлонгондорго, көңүл бөлүп, алтындай убактысын короткондорго да рахмат, сөөгүмдү агарткандарга да рахмат. Мен Мадумаровду колдосом да жакпайт экенмин, бийликти колдосом да жакпайт экенмин, бирок чынында алар менин колдоомо муктаж эмес. Мен өзүмдү эле колдойм азыр. Жеке оюмду эле адам катары, жаран катары айттым, жактырбагандар карабай, окубай деле койсо болот. Ал эми мени колдогондорго ыраазычылык», — деп жазды ал.