Орозайым Нарматова: «SuperTV өзүн-өзү каржылап келген, көз карандысыз канал»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасында видео жарыялап, иликтөөчү журналист Болот Темировго жооп берди.

«Темировдун постунан кийин мени медиа магнатка чейин айлантып жиберишиптир. Айтканыңар келсин, ошондой бай кыздардан болуп кетейин. СуперТВ жана «Сереп» Медиа холдинги боюнча түнү мен да пост жаздым. Сентябрь айында «Сереп» Медианын командасына кошулдум. Бактыгүл Сокушова менен иштешип калды. СуперТВ менен 2020-жылдан бери иштешип келе жатам. 2021-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча пиар иштеринде иштешкенбиз. Андан кийин мигранттардын жашоосун, тагдырын чагылдырып иштешип келгенбиз. Бул команда менен иштешүү мага абдан жакты. 

Ушул жерге кыстырма, башка мамлекет каржылаган телеканалдардан, медиалардан жана Болот Темиров агама окшоп чет өлкөдөн грант алгандардан айырмаланып, СуперТВ өзүн-өзү каржылап, жарнама аркылуу жан багат экен. Мындайча айтканда бийликке дагы, мамлекетке дагы, НПОлорго дагы, чет өлкөлүк уюмдарга дагы көз карандысыз. Эми буюрса, СуперТВ чыныгы элдик канал болуп, биз менен биргеликте иштешет. 

Мен азыр каналга келе жатам. Болот Дыйканбаев деген агабыздын өзүнүн үйү бизге офис катарында иштеп жатат. Биздин офиске келип, кызматташып, жарнама багытында иштешсеңер болот», — деди ал.