Орозо айы кайсы күнү башталары айтылды

Быйыл Орозо 13-апрелден башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

«Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аалымдар кеңешинин№1 токтомунун негизинде 2021-жылдагы ыйык Рамазан айынын биринчи күнү деп 13-апрель белгиленди. Көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырма болуусу мүмкүн», — деп айтылат муфтият тараткан маалыматта.

Битир-садаканын өлчөмүн жана Кадыр түндүн так датасын Аалымдар кеңеши Орозо башталганча кабарлайт.