Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында шаардык кызматтар Орто-Сай базарынын аймагын иретке келтирүү боюнча жигердүү иш алып барууда.
Алсак, «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы бир нече өтмөктөрдү сугат тармактарын жана торчолорун орнотуу менен асфальттоо иштерин баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы базарды тынымсыз көзөмөлгө алууну улантууда. Базардын аймагындагы башаламан соода түйүндөрү тазаланып, жалпысынан 300дөн ашуун түйүндөр жоюлган. «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү менен 175 000 сомго 26 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, базардагы чарбалык субъектилердин ээлерине жана ижарачыларына фасадды иретке келтирүү боюнча 5 тапшырма берилди. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 31 объект, анын ичинде жеңил типтеги объектилер, чатырлар, жарнамалык конструкциялар, 120 метр темир тосмо алынган. Шаардык кызматтар базарга келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишин улантат.
Ошондой эле, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине караштуу «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан «Оберон» базарына (Орто-Сай) инвентаризация жүргүзүлдү. Жыйынтыгында базардын аянты 1,68 гектарды түзүп, 617 соода жайына бөлүнгөнү аныкталган. Бүгүнкү күндө келишимдерди кайра түзүү жана штаттык бирдиктерди түзүү боюнча иштер улантылууда.