Орто-Сай базарынын жанында башаламан соода кылгандарга рейд жүрдү

Орто-Сай базарынын жанында 20 башаламан соода түйүндөрү жоюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Кызматкерлер тарабынан Юнусалиев көчөсүндөгү жайма базардын соодагерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндөгү 20дан ашык башаламан соода түйүндөрү иретке келтирилди. Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турат.