Орто-Сай жана Аламүдүн базарларыда башаламан сооданы көзөмөлдөө жүрүүдө

Бишкекте мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин Орто-Сай жана Аламүдүн базарларына текшерүүсү уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Базарларда башаламан сооданы жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. «Орто-Сай» базарындагы 353 түйүн жоюлуп, жалпы суммасы 509 000 сомго 66 протокол; ал эми Аламүдүн базары боюнча 92 000 сомго 13 протокол түзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, бошогон тилкелерден 11 даана атайын техника таштанды чыгарылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаасы базардын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигин текшерди. Атайын техниканы өткөрүүдө эч кандай тоскоолдуктар байкалган эмес.