«Орто-Сай» базарында чыккан өрт 9 сааттан кийин толук өчүрүлгөн

9-ноябрга караган түнү Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарында чыккан өрт 9 сааттан кийин толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, өрт түнкү саат 00:10 чамасында башталган. Өрттү өчүрүүгө 5 машина барып, саат 02:16да чектөөгө алынып, эртең мененки саат 8:55те толук өчүрүлдү. Алоолонгон от болжол менен 2 миң чарчы метрге жакын аянтты жалмаган. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Өрт өчүргүчтөр “Орто-Сай” базарына кире албай, оозунан ары өтө албай  кыйналышканын Октябрь районунун акими Константин Куценко билдирди. Анын айтымында, кырсык маалым болору менен 5-10 мүнөттүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр жетип келишкен. Бирок өрттүн өзүнө чейин машина кире албай убайым чеккен. «10 мүнөттүн баасы чоң. Өрт өчүрүүчүлөр базардын ичине кирүү үчүн тосулган жолду өздөрү ачып жүрүштү», — деди Куценко. Район башчысы мындай кырдаалды болтурбоо үчүн орган өкүлдөрүнөн толук маалыматты берүүнү сурады.

Өрттөн жабыркаган базардын аймагында муниципалдык жана менчик павильондор жайгашкан. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык , муниципалитетке таандык 2 объект — эт павильону жана жашылча бөлүгү — жабыркаган эмес.