Өрттөн 28 киши көз жумду. Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Япониянын Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бирге, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Япониянын Осака шаарындагы психиатриялык клиникадан өрт чыгып, кеминде 28 киши көз жумду. Полиция өрттү атайлап бирөө койгон болушу мүмкүн деген негизде кылмыш ишин козгоду. Өрт 17-декабрь күнү эртең менен тутанган.