Өрттөн каза болгон 39 жаран. Садыр Жапаров Кытай төрагасына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Синьюй шаарында өрттөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Кытайдын Цзянсу провинциясындагы Синьюй шаарында дүкөндө чыккан ири өрт 39 адамдын өмүрүн алды. Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар штабынын маалыматы боюнча, өрт Юйшуй  районундагы дүкөндө чыккан.