Өрттөнүп кеткен мектеп 40 жыл мурда курулган

Кечээ, 7-декабрда Баткен районундагы Чоң-Талаа айылында өрттөнүп кеткен мектепке премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков барды. Өрт чыккан учурда мектепте балдар болгон эмес, жаракат алгандар жок. Жергиликтүү бийлик органдарына мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. «Мектептин имаратын калыбына келтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет», — деди Новиков.

Мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген.