Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кеттиби? Дайырбек Орунбековдун жообу

«Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кетти» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазып чыкты.

«Акылбек Жапаровдун саламаттыгы жакшы, бүгүн эртең менен аппараттык кеңешме өткөрүп, андан соң Жогорку Кеңештеги жыйынга катышканын билдирем. Ошону менен бирге, ушак-айыңдарды таркатуудан алыс болууга чакырам», — деп жазды ал.