Орус блогеринин оюнунан BMW уткан Сауле: «Жаңы жылдын башталышына сонун белек болду»

Бишкек шаарынын тургуну Сауле Балабекова 9 миллиондон ашык катталуучусу бар бар орусиялык блогер Надин Серовскийдин оюнунан BMW унаасын утуп алган.

Сауле Балабекова социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн эмоциялары менен бөлүштү. «Менин атым Сауле. Мен Бишкек шаарында турам. Жумушум болуп, унааны уткан соң байланышка чыга албай жаттым. Жаңы жылдын башталышына сонун белек болду. Сөз жок, Надин сага чоң рахмат», — деди ал.

Сауле эми ​​байгесин алуу үчүн Москвага барышы керек болот.